Кыргызстандык спортчулар казак күрөш боюнча Азия чемпиондугунда 1 күмүш жана 1 коло медаль тагынды
Кыргызстандык спортчулар Кытайда өткөн казак күрөш боюнча Азия чемпиондугунда 1 күмүш жан 1 коло медаль тагынды. Бул тууралуу спортчу Нурбек Кожобеков билдирет. 12 өлкөнүн балбандары катышкан мелдешке Кыргызстандан 4 спортчу катышкан. Анда Мирлан Эралиев (70 килограмм салмакта) финалда казак балбанына утулуп күмүш медаль тагынды. Дагы бир кыргызстандык балбан, белбоо күрөшү боюнча 2013-жылкы Казань шаарындагы Дүйнөлүк Универсиаданын чемпиону Нурбек Кожобеков (90 кг) жарым финалда утулуп, көңүл жубатчу коло медаль үчүн болгон беттеште жеңишке жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.