super.kg logo
  Саясат  

Нариман Түлеев: "Мен бийликке умтулган эмесмин жана мындан ары дагы умтулбайм"

 

Мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев ордуна эл колдогон адам келсе, кызматынан кубануу менен баш тартат. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Урматтуу достор, кесиптештер. Мен баарыңарга сиздердин туруктуулук үчүн колдооңор үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Бизди канча коркутпасын, биз мыйзамдуу жол менен күрөшүүнү уланта беребиз.

Мен мурда айткандай эле мэрдин тагдырын жашоочулар гана чечет, алардын макулдугу легитимдүү болуп саналат. Канчалык күмөндүү кандидат көрүнсө дагы, бардык каалоочулар өзүн бийликте сынап көрүүгө укуктуу.

Шаардык кеңешке татыктуу партияны шайлоо жана шаардын мэрин андан ары шайлоо - бул бирден-бир мыйзамдуу жол, мен муну башынан эле митингчилерге сунуш кылгам, бирок алар каалашкан жок. Ошондой эле мен шаарды башкарууга коомдук пикирге каршы эч кимдин келишин каалаган жокмун. Мени коркутуудан пайда жок, мен дагы ушул жылдар аралыгында бир топ татаал жолду басып өттүм.

Жогоруда айткандай, милдетти аткаруучу дайындалса, ал адам жергиликтүү жамааттын - шаардыктардын колдоосуна ээ болсо, мен өзүмдүн милдетимди аткарып жаткан биринчи вице-мэр, Бишкек шаардык мэрдин милдетин аткаруучу кызматынан кубануу менен баш тартам. Мен бийликке умтулган эмесмин жана мындан ары дагы умтулбайм, сүйүктүү шаарыма ар тараптуу салымымды кошууга аракет кылам, аны көкүрөгүм менен коргоого даярмын жана шаардыктардын көпчүлүгү дагы саясий чөйрөдө барган сайын активдүү болуп бараткандыгын билем. Баарыбыз үчүн кубанычтамын жана биз биргеликте борборду, өлкөнү жакшы жакка өзгөртө алабыз. Рахмат", - деп жазган ал өз кайрылуусунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: