super.kg logo

Түштүк Чоң Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушуна кайрадан жарыяланган тендердин наркы 23 миллион сомду түзөт

 
"Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы кайрадан Түштүк Чоң Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушуна тендер жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарыяланган тендерге ылайык, көпүрөнүн узундугу 18 метр, жолдун туурасы 11 метр, жөө адамдар өтүүчү жолдун аймагы эки тараптан 3 метрден болушу керек.

Долбоордун наркы 23 миллион сомду түзөт. Арыздар 13-ноябрь күнү саат 16:55те кабыл алынган.

"Эске салсак, буга чейинки тендер сатып алуу процесси бузулгандыктан жараксыз деп табылган. Чоң Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрө Жукеев-Пудовкина көчөсүн түштүккө узартуу долбоорунун алкагында курулат. Жол алты тилкелүү, туурасы 24 метр, бөлүүчү тилке болот. Анын заманбап жабуусу бар - майдаланган таш-мастикалык асфальт-бетон", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: