super.kg logo

Өлкө аймагында бир суткада 214 кылмыш, 126 жорук катталды

 

Кыргыз Республикасынын аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Ал эми өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Республика боюнча 2020-жылдын 26-октябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 214 кылмыш, 126 жоруктар каттоого алынган. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: