super.kg logo
  Саясат  

Эрлан Өмүралиев: "Бакыт Жуматаевдин мага жолуктум дегени жалган"

 

"Бакыт Жуматаевдин мени менен сүйлөштүм дегени жалган",- деп билдирди бүгүн, 25-сентябрда маалымат жыйын берген Эрланбек Өмүралиев. "Жуматаевдин март-апрель айларында мага жолуктум дегени карандай калп. Мага Садыр Жапаров тарабынан басмырлоо болгон эмес. Аны менен телефондо сүйлөшкөнүм чын. Анда чындыкты айтып Жапаровдордун жанагыдай “кара” долбоорго тиешеси жок экенин билдирдим. Азыркы оппозиция лидерлеринин менин билдирүүмө эч кандай тиешеси жок. Жуматаев экөөбүз тең УКМКнын куралына айланып калдык",- дейт Өмүралиев.   

Айта кетсек, буга чейин оппозиция менен иштешип келген Эрланбек Өмүралиев УКМКга оппозициянын коомдо баш аламандыкты жаратуу боюнча түзүлгөн пландарын айтып берип, сүйлөшүү тартылган видеотасма 2-сентябрда коомчулукка жарыяланганы белгилүү. Анда Өмүралиев 8-9-10-сентябрда оппозиция өлкөдө баш аламандык уюштура турганын, анын жол-жоболорун кенен айтып берген эле. 

Кийин Садыр Жапаров Өмүралиев менен телефондо сүйлөшкөнүн айтып, анда ал УКМК коркутуп оппозицияга каршы сүйлөткөнүн билдиргенин айтып чыккан. Телефондогу сүйлөшүү жазылган аудиожазуу ММКлар аркылуу жарыяланган болчу. Аудиожазуунун толук версиясын бул жактан уга аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: