Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы менен жолукту





Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров Багдад Амреевге өлкөдөгү учурдагы саясий кырдаал жөнүндө маалымат берип, ошол эле учурда кыргыз элинин биримдиги жана акылмандыгынын негизинде курч саясий кризис ыкчам жана тынч чечилгендигин белгиледи.
Тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
"Түрк тилдүү мамлекеттер ар дайым жакын өнөктөш болуп келген, бизди жалпы тарыхый тамырлар, элибиздин тилдеринин, маданияттарынын жана салттарынын окшоштугу байланыштырып турат", - деди Садыр Жапаров.
Багдад Амреев өз кезегинде Түрк кеңешинин экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иши, ошондой эле уюмдун келечегин аныктаган "Түрк Кеңеши - 2025" стратегиясынын долбоору жөнүндө айтып берди. Жолугушуунун жүрүшүндө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Түрк инвестициялык фондун түзүү боюнча иш-аракеттерди активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Садыр Жапаров кыргыз тарап ар тараптуу кызматташууга даяр экенин айтып, Түрк инвестициялык фондунун башкы кеңсесин Бишкекте жайгаштыруу демилгесин кубаттады.
Жолугушуунун жыйынтыгында, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө мамлекеттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү максатында үзгүлтүксүз диалог жүргүзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.
