super.kg logo

Бишкекте жаран сыналгы жана муздаткычты уурдап бара жатат деп кармалды

 

Милициянын кайгуул кызматкерлери муздаткыч жана сыналгы уурдаганга шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-октябрь күнү болжол менен саат 04:10 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Ак-Босого конушунан сыналгы жана муздаткыч уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, 1983-жылы туулган М.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү көрсөтүлгөн даректе болжол менен саат 04:00 чамасында арыз ээсинин кампасынын ичинен белгисиз жарандар муздаткыч жана сыналгы уурдап кетишкенин айткан.

Ыкчам издөө иш-аракеттеринин негизинде, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1991-жылы туулган Н.Э. аттуу жаранды унаасы менен качып бара жаткан жеринен колго түшүрүп, Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмүнө жеткирилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: