"Башка жумуш издөөгө, кадрлардын жоголушуна алып келүүдө". Министрлик кинотеатрларды ачууну сунуштады
Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков өкмөткө өлкөдөгү кинотеатрлардын ишин жандандыруу боюнча кат жөнөттү. Мындай маалыматты министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Министрлик кинотеатрлардын иши 2020-жылдын 17-мартынан ушул күнгө чейин токтотулгандыгын билдирип, болжол менен 8 айдан бери кинотеатрлар ири финансылык жоготууларга келгендигин маалымдайт.
Белгилей кетсек, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн санитардык-эпидемиологиялык, санитардык-гигиеналык режимдерди сактоо боюнча иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыккан.
Маалымат үчүн: 2019-жылы республиканын кинотеатрлары 100 миллион сом суммасында бюджетин толтурган.


1 |