super.kg logo

Балыкчыда үйдүн алдында токтоп турган унааны уурдай качкан. Шектүү Тоң районунан кармалды

 

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында унааны уурдай качкан деген шек менен 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-октябрда Балыкчы ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 39 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү болжол менен кечки саат 17:00 чамасында белгисиз адамдар үйүнүн жанында токтоп турган Фольксваген-Голфь-3 үлгүсүндөгү унаасын айдап качып кетишкени жазылган.

Аталган билдирүү боюнча шаар ичинде "перехват" операциясы киргизилип, көп узабай уурдалган унаа Тоӊ районуна багыт алганы белгилүү болгон. Аталган аймактын жол кайгуул кызматынын кызматкерлери унааны уурдап качкан адамды 3 сааттан кийин Кызыл-Туу айылынан кармоого жетишкен.

Кылмышка шектүү адам туруктуу жашаган жери жок 34 жаштагы Н.Ж. болуп чыккан. Аталган факты Балыкчы ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кылмышка шектүү катары кармалган Н.Ж. баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин Балыкчы ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Уурдалган автоунаа ээсине кайтарып берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: