"Биз сиздин мэр болушуңузга нааразыбыз". Бишкек мэриясынын алдында Балбак Түлөбаевге каршы митинг өтүп жатат
Бишкек шаарынын мэринин креслосун талашуу дагы деле уланууда. Бүгүн, 27-октябрда мэриянын алдына Балбак Түлөбаевдин мэр болушуна нааразы болгон тарап митингге чыгышты.
Анда нааразы болгондор Түлөбаевге "сиздин бул жакта иштегенге моралдык укугуңуз жок" дешти. Ошондой эле алар Алмазбек Бакетаевдин, Азиз Суракматовдун, Нариман Түлеевдин жана Балбак Түлөбаевдин шаар мэри болушуна каршы экенин айтышты. Айтымында, бул адамдар убагында бир команда болуп келген.
Балбак Түлөбаев эгер эл каршы болсо кызматта бир да мүнөт турбастыгын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

