super.kg logo

Бишкекте үйлөргө уурулукка кирген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Кармалгандардын экөө чет өлкөлүк жаран (видео)

 
ИИМдин криминалдык милиция кызматы үйлөргө уурулукка кирген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Шектүүлөрдүн эки мүчөсү чет өлкөлүк жаран. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жакында эле Ленин районунун аймагынан ири суммадагы акча каражатын, алтын жасалгаларды уурдап кетишкен. Андан сырткары шектүүлөр Бишкек шаарынын аймагында андан башка ондогон уурулукту жасоого шектелүүдө.

"21-октябрь күнү кылмышкерлер Матыев көчөсүндө жайгашкан үйгө кирип, 100 миң сом акча каражатын, алтын жасалгаларды уурдап кетишкен. Жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылышкан. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Шектүүлөр унаа менен жүрүшүп, бири унаада калып, калган экөө үйгө уурулукка кирген соң, зер буюмдарды жана акча каражаттарын уурдап кетип жүрүшкөн. Шектүүлөр тобу шаарга жакын жерден кармалып, мурда бир нече жолу соттолгондугу белгилүү болгон. Алар Казакстандын 1988-жылы туулган Г.С. жана 1988-жылы туулган Ф.М., ошондой эле Аламүдүн районунун 1962-жылы туулган Б.В. аттуу жараны экендиги аныкталган. Азыркы учурда мүлктөрдү уурдоо боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: