Ысык-Көл. Беларусь өлкөсүнөн келген авто жана мотожүрүштүн катышуучулары облуста болушту
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун 10 жылдыгынын урматына өткөрүлгөн авто жана мотожүрүштүн Беларусь өлкөсүнөн келген катышуучулары Ысык-Көл облусунда болушту. Бул тууралуу обладминистрациянын басма сөз катчысы Назира Муканбетова маалымдады. Автожүрүштүн катышуучулары Ысык-Көлдөгү Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда, Григорьевка капчыгайында, Пржевальскийдин мемориалдык музейинде, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун айрым жерлеринде болуп кайтышты. Белгилей кетсек, аталган жүрүштүн максаты - эл аралык ынтымак, достукту бекемдөө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

Рейтинг:
0

