Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Аркадий Битюков 88 жаш курагында каза болду
Кыргыз киносунун ардагери, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Аркадий Битюков каза болду. Бул тууралуу Кинематографисттер департаментинен кабарлашты.
Ал 1932-жылы Украинанын Ворошиловград облусунун Нижне-Дуван районунда төрөлгөн. Кыргыз өлкөсүндө жашап, Фрунзедеги орто мектепте билим алып, андан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1966-1958-жылдары Киргизфильм киностудиясында редактор, андан кийин Кыргыз ССР Маданият министрлигинде - Кинематография башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, даректүү жана көркөм фильмдерди чыгаруу боюнча редактор болуп иштеген.
1963-1965-жылдары Киргизфильмге даректүү жана илимий-популярдуу фильмдерди тартуу боюнча директордун орун басары болуп кайтып келген.
1973-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
Ал Советтик Кыргызстан кинохроникасы үчүн 20дан ашуун сценарий, илимий-популярдуу фильмдердин сценарийлерин жазган.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамына татыган.
