super.kg logo

Үй ээси сыртка чыккыча, сарайдан 6 баш малды алып чыгып, жарымын унаага жүктөгөнгө үлгүрүшкөн. Шектүүлөр кармалды

 

Чүй ОИИББи жана Аламүдүн РИИБи тарабынан 6 баш бодо малды уурдоого аракет кылган жарандар Жалал-Абад облусунан кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Октябрь айылынан мал уурдоого аракет кылган окуя тууралуу маалымат келип түшкөн. 20-октябрь күнү белгисиз адамдар жергиликтүү жашоочунун сарайына кирип, бодо малын уурдоого аракет кылышкан учурда, короодо байланган иттин токтобой үргөнүнөн улам үй ээси ойгонуп, сыртка чыккан.

Үй ээси ойгонуп сыртка чыккыча, сарайдан 6 баш малды алып чыгып, алардын жарымын унаага жүктөгөнгө да үлгүрүшкөн. Үй ээси сыртка чыккан учурда, малды таштап качып кетишкен. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде, кылмышка шектелип 29 жаштагы О.Т. жана 34 жаштагы З.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Кармалган жарандардын Чүй облусунун аймагында дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
27.10.2020. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сакалчандарга дагы ишениш кыйын болуп калдыго!
27.10.2020. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сакалын кара,даагы намаз окуса керек Таксыр.
27.10.2020. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сакал коюп, таксыр корунуп мусулман динин булгабагыла туугандар.
27.10.2020. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сакал мен эркек аттуунун баарына осоорун унутпайы. Сакал адамды тандап оспойт жакшысы же жаманы деп.
27.10.2020. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай уруулардын колун кесип салса биздин да торпокду уурдап кетиптир бир жумадан бери издеп убарабыз Кудайым ошолордун жазасын 2эселеп берсин колу буту шал болуп тамак ичкенге зар болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: