"Толук жана ишенимдүү маалымат болушу керек". Аида Исмаилова билим берүү мекемелеринин ишин жандандыруу боюнча жыйын өткөрдү
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин ишин жандандыруу маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү.
"Ар бир калктуу пункттун эпидемиологиялык абалына талдоо жүргүзүү шарт. Бизде толук жана ишенимдүү маалымат болушу керек. Мектептер менен бала бакчалар ачылган учурда, биз эпидемиологиялык кырдаалдын ар кандай учуруна даяр болушубуз зарыл", - деди Исмаилова.
Аида Исмаилова өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, райондук мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тез арада аймактагы эпидемиологиялык кырдаалды талдоону, ошондой эле эпидемияга каршы чараларды сактоо үчүн мектептердин жана бала бакчалардын бардык жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз болушун көзөмөлдөөнү тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.