УКМК: "Көлбаев сот тарабынан бошотулушу мүмкүн деген билдирүү чындыкка дал келбейт"
Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев бүгүн, 27-октябрда маалымат жыйын берип, анда ал кримтөбөл Камчы Көлбаев сот тарабынан бүгүн, эртең бошотулушу мүмкүн деген пикирин айтты.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул маалыматты четке кагып, билдирүү жасады.
"Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин бүгүнкү билдирүүсү чындыкка дал келбейт жана эч кандай негиз жок. УКМК коррупция жана кылмыштуулук менен жигердүү күрөшүп жатат. Бардык иш-чаралар мыйзамдын чегинде өткөрүлөт. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жоюу, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана кылмыш көрүнүштөрүн жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. УКМК коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтөт", - деп айтылат маалыматта.

Буюрса болот деп эл кутуп олтура бербейт айлап жылдап.
Азыркы Садыр шайлаган мэр Садырдын эшигин шыпырып, Садырга жан тартып жатканы чын. Кыскасы Садыр Жапаров жеке жашоосун ойлоп, жалан кошоматчы кадрларды туптоп жатат.