Элмирбек Иманалиевдин "Аманат" аттуу ырлар жыйнагынын бет ачар аземи өтүүдө (фото)







Бүгүн, 27-октябрда Кыргыз эл артисти Элмирбек Иманалиевдин "Аманат" аттуу ырлар жыйнагынын бет ачар аземи өтүп жатат. Аземге маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев, манасчы Рыспай Исаков, Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Иманалиевдин жакындары жана башка көптөгөн өнөр адамдары келишти.
Иш-чарада Садык Шер-Нияз сөз сүйлөдү.
"Бүгүн чыныгы маданият деген көрөңгөсү бар адамдар келип олтурат. Элмирбектин арбагын, өнөрүн, баскан жолун сыйлап келип отурасыңар. Биз "Айтыш" фонду дагы чоң сыйлыкты уюштурууну ойлоп жатабыз. Элмирбектин аты өчпөсүн. Биздин тарыхта 5-6 президент болду. Көрсө президент болуу оңой экен. Дагы деле президент боло берет. Элмирбек деген жалгыз экен. Андай адам кайра чыкпайт. Алмаз таштай кайда болбосун жаркырап турат экен. Биз дагы Элмирбектин китебин көкөлөтөлү, даңазалайлы!", - деди ал.


1 |