"Элмирбектин китеби көпкө жашайт" дейт президенттик аппараттын жетекчиси



Бүгүн, 27-октябрда Кыргыз эл артисти Элмирбек Иманалиевдин "Аманат" аттуу ырлар жыйнагынын бет ачар аземи өтүп жатат. Аземге мамлекеттик кызматкерлер, өнөр адамдары, акындын жакындары жана күйөрмандары катышууда.
Иш-чарага келген коноктор акындын өнөр жолун эскерип, китептин өмүрү узун болоруна ишенерин айтып жатышат.
"Китеп "Аманат" деп аталган экен. Бизге аманат болсун. Иш-чарага келген ар бир адам китепти жазданып алып окуйт деп ойлойм. Элмикемдин китеби көпкө жашайт", - деди президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.