super.kg logo
  Саясат  

Эрлан Өмүралиев: "Мага байланыштуу УКМК жарыялаган видеону көргөн энем комада жатат"

 

"Мен патриотмун, саясат менен алектенем",- деп билдирди бүгүн, 25-сентябрда маалымат жыйынында Эрланбек Өмүралиев. Өмүралиев УКМК теле аркылуу жарыялаган видеодо оппозициянын өлкөдө баш аламандык уюштуруу пландарын ашкерелеген адам катары белгилүү. Журналисттердин "Мындан ары саясат менен алектенисизби?" деген суроосуна "Ооба, саясат менен алектенем, болбосо саясат мени менен алектенип коёт. Мен табиятымдан таарынчаак адам эмесмин. Туугандарым маалыматты туура эмес тараткандарды сотко бер деп жатышат. Бул окуянын жаман жери, эки дөө кырылышса ортодогу бейкүнөө чымын өлөт дегендей болуп жатат. Теледен көрсөтүлгөн видеолорду көргөн энем комада жатат",- дейт Өмүралиев.  

Айта кетсек, буга чейин оппозиция менен иштешип келген Эрланбек Өмүралиев УКМКга оппозициянын коомдо баш аламандыкты жаратуу боюнча түзүлгөн пландарын айтып берип, сүйлөшүү тартылган видеотасма 2-сентябрда коомчулукка жарыяланганы белгилүү. Анда Өмүралиев 8-9-10-сентябрда оппозиция өлкөдө баш аламандык уюштура турганын, анын жол-жоболорун кенен айтып берген эле. Кийин Садыр Жапаров Өмүралиев менен телефондо сүйлөшкөнүн айтып, анда ал УКМК коркутуп оппозицияга каршы сүйлөткөнүн билдиргенин айтып чыккан. Телефондогу сүйлөшүү жазылган аудиожазуу ММКлар аркылуу жарыяланган болчу. Аудиожазуунун толук версиясын бул жактан уга аласыз.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: