Жаңы Кызыл-Суу айылындагы көйгөй: "Айылда интернет жок, окуучулар онлайн окуй албай, бардык жактан артта калдык" дейт окурман
SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаңы Кызыл-Суу айылынын жашоочусу Токтобек Бапышев аттуу жаран кайрылды. Ал айылда интернет тартпаганын, балдар онлайн окуй албай жатканын айтып кейиди. Ал билдиргендей, айыл бир эле интернет жактан эмес, бардык жактан артта калган. Бапышев бийлик өкүлдөрү айылдын көйгөйлөрүнө көңүл бөлүп, маселебизди чечип берсе дейт.
“Жаңы Кызыл-Суу айылы шаардан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылда өзүмдү Совет доорунда жашап жаткандай сезем. Себеби ал айылга барып, 21-кылымда жашап жатам деп эч ойлобойсуң. Жолдору жок, мектеби 8 жылдык, ал мектеп да аты айтып тургандай Октябрдын 70 жылдыгында салынган. Алигиче ошол ат менен жүрөт.
Айылда 300дөн ашык түтүн эл жашаса да, эч бир телефон тартпайт, байланыш начар. Мен бийлик өкүлдөрүнөн суранар элем, ушул айылга келип бир кабар алып койгулачы, сураныч. Урматтуу, Beeline MegaCom жана О компаниялары, ушул айылга да байланыш тарта турган жабдууңарды коюп кеткилечи. Азыр эл телефон аркылуу онлайн окуп жатышыптыр, а бизде онлайн сабак окуганга мүмкүнчүлүк жок, интернет иштебейт. Бир жылга жакындап калдык, балдарыбыз сабак менен иши жок, окутканга шарт жок калдык”, - деп билдирди окурман.


1 |