super.kg logo

Beeline тармагын кеңейтип, байланыш сапатын жогорулатууну улантууда: жыл башынан бери 400 базалык станция!

 

Beeline жаңы 4GLTE базалык станцияларын ишке киргизүү менен Кыргызстан боюнча байланыш сапатын жогорулатуу боюнча ишин улантууда. Ошентип оператор өз абоненттерин жогорку ылдамдыктагы интернет жана жогорку сапаттагы үн кызматтары менен камсыз кылып, алардын колдонуучулук тажрыйбасын бир нече эсе жакшыртат.

Өлкөдөгү кыйын шарттарга карабастан Beeline абоненттерин үзгүлтүксүз, сапаттуу байланыш менен камсыздоону жана тейлөө аймагын мүмкүн болушунча кеӊейтүүнү эӊ негизги максаты катары коёт.

Абоненттерди тейлөө сапатын дагы да жогорулатуу максатында октябрь айында компания өлкө боюнча 215 кошумча 4GLTE базалык станцияларын орнотту:

  • Баткен облусу: Чекелик айылы, Исфана шаары, Абдусамат айылы, Паскы-Арык айылы, Таян айылы, Бүжүм айылы, Хайдаркен айылы, Алга айылы, Баткен шаары, Кызыл-Кыя шаары, Чоң-Кара айылы, Кара-Булак айылы жана башка;
  • Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад шаары, Казарман айылы, Ничке-Сай айылы;
  • Ош облусу: Ылай-Талаа айылы, Мырза-Аке айылы, Өзгөн шаары, Кара-Кулжа айылы, Куршаб айылы, Араван шаары, Токбай-Талаа айылы, Красный Маяк айылы, Кеңеш айылы, Ильичевка айылы, Кызыл-Тоо айылы, Ош шаары;
  • Талас облусу: Ынтымак, Кайыңды айылдары;
  • Чүй облусу: Жогорку Орок айылы, Александровка айылы, Петровка айылы, Жаңы Жер айылы, Сокулук айылы, Комсомольское айылы, Садовое айылы, Беловодское айылы, Романовка айылы, Шопоков шаары, Вознесеновка айылы, Манас айылы, Петропавловка айылы, Токмок шаары, Кара-Балта шаары; Бишкек шаары;
  • Ысык-Көл облусу: Каркыра айылы, Кызыл-Суу айылы, Каракол шаары;
  • Нарын облусу: Ат-Башы айылы, Нарын шаары.

2020-жылдын башынан тарта өлкө боюнча жалпысынан 400дөн ашуун жаңы 4GLTE станциялары ишке киргизилди. Beeline тармагынын толук 4G/3G/2G картасы beeline.kg сайтында жеткиликтүү.

Жаңы станцияларды куруудан тышкары Beeline’дын техникалык адистери тармакты ар дайым көзөмөлдөп турушат жана мүмкүн болгон кемчиликтер жөнүндө билдирүүлөргө заматта жооп берип, аларды тез арада четтетишет жана кандай шартта болбосун телекоммуникациялык жабдыктардын сапаттуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылышат.

Beeline: Сизге жана сиздин жакындарыңызга кам көрүү менен!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: