"СИЗО-1де камера муздак". Кыйноолордун алдын алуу борбору Алмазбек Атамбаев менен жолугушту
СИЗО-1де ачкачылыгын улантып жаткан мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге Кыйноолордун алдын алуу боюнча борборунун кызматкерлери жолугуп чыкты. Бул тууралуу аталган борбордун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Алмазбек Атамбаев төрт кишилик камерага киргизилген. Ал СИЗОнун биринчи кабатында жайгашкан. Анын жанында дагы бир жаран чогуу отурат. Сүйлөшүүдө Атамбаев абактын шартына нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, камера муздак.
Учурда ал ачкачылыгын улантууда жана анын талаптары ачык сот ишин жүргүзүп, тез арада №47 мекемеге которуу", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Jelezo

27.10.2020. 18:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекеттик сырды алып жүргөн адамды өзүнчө камаш керек,өч алсаңарда шарт түзүп бергиле.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.