Нурлан Мотуев: "Мен акыйкатчылык кызматка өзүмдүн укугумду коргош үчүн бара жатам"
"Мен акыйкатчылык кызматка өзүмдүн укугумду коргош үчүн бара жатам",- деп билдирди аталган кызматка талапкер Нурлан Мотуев. Ал мындай пикирин 25-сентябрда ЖКнын тийиштүү комитетинин жыйынында айтты. Укук коргоо органдары укугун бир нече жолу тебелегенин айткан Мотуев буларды билдирди: "Кара-Кече боюнча сот иши 4 жылга созулду, мени суракка чакырган да, айып таккан да жок. Болгону убакытты созуп жатат. Ишкананы 2009-жылы гана жабышты. Кыз зордуктоо боюнча дагы. Соттук-медициналык экспертиза менин күнөөсүз экенимди далилдеди. Эгер мен өз укугумду коргой албасам, карапайым адамдардын укугу тууралуу эмне деп айтууга болот?".
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















