Шайиста Шатманова ЭлТРдин Оштогу жамааты менен жолугушуп, алдыдагы пландарды талкуулашты
ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын директору Шайиста Шатманова компаниянын Ош шаарындагы кеңсесине барып, ал жактагы жамаат менен жолукту. Маалыматты SUPER.KG порталына директордун орун басары Жумамидин Сулайманкулов тастыктады.
"Директор коллектив менен жолукту. Алар Шатмановага бир катар талаптарды айтышты. Айлык акы жана башка маселелер талкууланып, жолугушууда жамаат директордон ынанымдуу жоопторду уга алышты. Ошондой эле ал ар бир бөлүм башчы менен өз-өзүнчө жолугуп, бирге иштешүү чечими кабыл алынды", - деп билдирди орун басары.
Ал эми 16-октябрь күнү аталган каналга директор болуп дайындалган Шайиста Шатманова Ош шаарына болгон иш сапары тууралуу буларга токтолду:
"Башкы кеңсеге барып, жамаат менен жолуктум. Бир катар маселелерди талкууладык. Алар ийгилик каалашты", - деди Шатманова.
Шайиста Шатманова президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын директору кызматына бекитилген.


