Садыр Жапаров Бишкек мэрлигине Балбак Түлөбаевдин дайындалышы боюнча үн катты
Бишкек шаардык мэриясын ар кайсы топтор басып алабыз деп жаткандыктан Балбак Түлөбаев мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
"Мэрди шайлоо боюнча биздин укугубуз жок. Мен сунуштама гана берем. Ал жерде мэр депутаттардын шайлоосунан өтөт. Азиз Суракматов кетип жатып, өзүнүн ордуна Нариман Түлеевди дайындап кетиптир. Ызы-чуулар башталып, 4-5 топ мэрликти биз алабыз деп талашып баштаганда мен Түлеев менен сүйлөшүп, кетип туруусун сурандым.
Андан кийин дагы ар кайсы топтор талашып, ызы-чуу болуп жаткандыктан мен Балбак Түлөбаевге мэрдин милдетин аткаруучу болуп турууга сунуштама жибердим. Бүгүн ошол маселе чечилди", - деди Жапаров.
Балбак Түлөбаев бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
-1
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















