super.kg logo

Сауд Арабиясы умрага уруксат берген жана бербеген өлкөлөрдү атады. Кыргыз өлкөсү уруксат берилбеген тизмеде

 
Сауд Араб падышалыгы кичи ажылык зыяратына уруксат берген жана уруксат бербеген өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Бул тууралуу "Эр-Рияд – Мубашер" маалымат агенттигине таянуу менен муфтияттан билдиришти.
Маалыматка караганда, Сауд Араб падышалыгы үчүнчү этап менен 1-ноябрдан баштап сырттан келүүчүлөрдү умрага кабыл алууну баштап, 108 өлкөгө уруксат берди. Алардын катарында Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Азербайжан жана Беларусь өлкөсү бар.
Азырынча убактылуу уруксат берилбей турган мамлекеттердин саны 20. Алардын катарында Иран, Египет, Катар, Италия жана Кыргыз өлкөсү.
Ал эми уруксат берилбей турган мамлекеттердин саны 56. Алардын катарында Орусия, Украина, Улуу Британия жана Америка Кошмо Штаттары.
Ошондой эле Сауд Араб падышалыгынын ажылык жана умра министрлиги умра ибадатын уюштурууда адамдардын коопсуздугуна, ден соолугуна кепилдик берген жол менен "Коопсуз умра" жана кызмат көрсөтүүнү көзөмөлдөө механизмин иштеп чыкты.
"Умра компаниялары жана чет өлкөлүк лицензия алган туристтик агенттиктер тарабынан чет өлкөдөгү зыяратчыларга кызмат көрсөтүү регламенти 4 талаптан турган умра ибадатын аткарууга мүмкүнчүлүк алуу эрежелерин камтыйт. Ошондой эле аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин талаптарына ылайык, чет өлкөдөн умрага келүүчү жарандардын жаш курагы 18 жаштан 50 жашка чейин чектелди. Коронавирус илдетинен таза экендигин далилдеген сертификатты өз өлкөсүндө ишенимдүү деп таанылган лабораториядан (ПЦР тест) умрага баруудан 72 саат алдын алуусу талап кылынат", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 23-сентябрда Сауд Араб падышачылыгы 3 этап менен коронавирус илдети азайган өлкөлөргө умра ибадатын аткарууга уруксат бериле тургандыгын жарыялап, ал үчүн атайын график иштелип чыгарын маалымдашкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: