super.kg logo

Вице-премьер Бишкек ЖЭБинин жылытуу мезгилине даярдыгы менен таанышты

 

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров Бишкек ЖЭБинин 2020-2021-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Вице-премьер-министр Бишкек ЖЭБинин көмүр кампасындагы отундун запасы, диспетчердик пункт жана жүргүзүлүп жаткан пландуу оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

"Улуттук энергетикалык гохолдинг компаниясы" ААКнын маалыматы боюнча, күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБине жалпысынан 1 миллион 110 миң тонна көмүр керек. Учурда кампада 296 миң тонна отун бар. Анын 28 500 тоннасы импорт, 268 миң тонна ата мекендик көмүр. Бул 2 айга жетерлик көлөм.

Вице-премьер-министр калкты, анын ичинде социалдык жана башка объекттерди үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу өкмөттүн артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

"Жылытуу мезгилине даярдык сапаттуу жана өз учурунда жүргүзүлүүгө тийиш. Коронавирус инфекциясына байланыштуу абалды эске алуу менен кышка даярдыкка өтө жооптуу мамиле кылынуусу шарт. Жылытуу мезгилинде калкты, анын ичинде социалдык жана башка объекттерди үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылууга энергетика тармагындагы ар бир жетекчи персоналдуу түрдө жооп берет", - деди Равшанбек Сабиров.

Ошондой эле вице-премьер-министр энергетика тармагынын коррупцияланышына жол берилберин эскертти.

Белгилүү болгондой, от казандарды жана турбогенераторлорду оңдоо белгиленген мөөнөтүндө аткарылып жатат. Эскерте кетүүчү жагдай, Бишкек жылуулук электр борбору жалпысынан 129 миң 691 абонентке жылуулук жеткирет. Анын 240ка жакыны социалдык объект.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: