super.kg logo

Садыр Жапаров: "Дүйшөбаев шоу болсо да уюштуруп, мамлекетке миллиарддарды кустуруп көрүптүрбү?"

 

Кечээ, 27-октябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев кызматынан кеткени кабарланган.
Ал кызматтан алынары менен маалымат жыйын уюштуруп, айрым фактылар боюнча кенен маалымат берген. Анда Дүйшөбаев Бажы кызматынын мурдагы орун басары Раим Матраимовдун, крим чөйрөдө аты айтылып жүргөн Камчы Көлбаевдин кармалышын спектакль деп атаган. Бул айтылгандарга президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров жооп берди.

Айтымында, Дүйшөбаев көп жыл күч органдарында олтуруп, мамлекет үчүн кенедей да пайдалуу иш жасаган эмес жана анын Матраимов жана Көлбаев окуясын спектакль атаганы негизсиз.

"Дүйшөбаев 30 жылдан бери күч органдарында иштеп келе жатат, анын генерал наамы бар. Ал сержанттан бери өсүп келген адам, 30-40 жылдан бери күч органдарында жүрөт. Ал ушул убакыт аралыгында бирөөнү камап, мамлекетке бир тыйын пайда келтириптирби? Ал шоу болсо да уюштуруп, миллиарддарды, миллиондорду төктүрүп, кустуруп көрүптүрбү? Муну менен эле бүтпөйт, коррупционерлерди кустуруу дагы уланат.

Азырынча социалдык тармактарда колдонуучулар сын-пикир айтпай, суроолорду берип турса жакшы болот эле. Албетте, жасап жаткан ишке сынчы көп болот экен. Бирок ал жасалып жаткан иштер жеке менин же жакындарымдын кызыкчылыгы эмес, бул жалпы мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн жасалып жаткан иштер. Мындан ары да бул иштер жасалат, убакыт көрсөтөт, биздин туура жолдо бара жатканыбызды убакыт далилдейт.

Мен түшүнүп жатам, Раимди камаш керек эле деген кептер айтылып жатат. Бирок аны кармап турганда эмне пайда? Биз мамлекеттин эсебинен аларды багабыз, үч маал тамак беребиз, башкасын кылабыз, бир жылдап, эки жылдап жата берет. Андан көрө ал миллиарддарды төгүп жатпайбы? Азыр бул башталышы гана, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бизде түрмөнү толтуруп, атак-даңк алуу башкы максат эмес, бюджетти толтуруу башкы максат болуп турат", - деген Жапаров.

Эскерте кетүүчү жагдай, 21-октябрда Садыр Жапаров элге кайрылуу жасаган. Анда ал өлкөдөгү коррупционерлерге кайрылып, аларга мамлекеттен уурдаган акчасын кайра кайтарууга 30 күн убакыт бергенин айткан. Ошол эле учурда экономикалык амнистияны пайдаланбагандарга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн баса белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(4)
28.10.2020. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Демек, Жапаров шоу болгонун моюнга алыптырда.
ilbirs түзөттү 2020-10-28 10:22:48
28.10.2020. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Садыр байке министир болун приздидент болун кудай колдосо.бирок 120 койдун бугун 28 чи октябыр мыйзамду депутатык убакты буту.алданып жатас шайлону жылдырбан арка жаны жаш билимду илимду ыйманду прафесананл жаштар керек бизге.
28.10.2020. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жапаровго бираз убакыт берелида. Эми эле иш баштаса сындап бут тосо бербей. Коншу олколордон калып кеттик ошентип журуп
28.10.2020. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ОЗУ бироону сындоодон алдын кыргыз эли пейлибизди онойлу бизде жумуш кылса дагы жаман кылбаса дагы жаман деги эмне кылыш керек элим карангы болбой ойлонолу да ушундай жаман жашоо болуп жатканына элим озубуз гана куноолуубуз пейлибизге жараша падышалар келип жатат Эми Садыр Нуркожоевичке биртке убакыт берели да чарылдай бербей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: