super.kg logo

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары менен телефон аркылуу сүйлөштү

 

Өкмөттөр аралык Кыргыз-Орусия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык комиссиясынын теңтөрагалары биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковдун жана Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун телефон аркылуу сүйлөшүүсү орун алды.

Тараптар Кыргыз-Орусия кызматташтыгынын маанилүү маселелерин жана Евразиялык экономикалык бирликтин алкагындагы тараптардын өз ара аракеттешүүсүнө басым жасоо менен эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттешүүнүн кыска жана узак мөөнөттүү келечегин талкуулады.

Мындан тышкары тараптар аркылуу Кыргыз Республикасындагы чет элдик инвесторлорду, анын катарында Кыргыз Республикасынын аймагындагы орусиялык бизнестин ишмердүүлүгүнүн корголушун камсыздоо зарылдыгы белгиленди. Тараптар эки тараптуу мамилелердин комплексин мындан ары эки өлкөнүн учурдагы мүмкүндүктөрүн кеңейтүү жана ага жаңы дем берүү менен өнүктүрүү боюнча макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: