Кочкор районунда 34 жаштагы жаран сабалып, ооруканага жаткырылды
Нарын облусунун Кочкор районунда 34 жаштагы жаран сабалып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"7-октябрь күнү Кочкор районунун тургундары келип уруп, сабап денеме жаракат келтиришти деп Кочкор районунун 1986-жылы туулган тургуну С.А. арыз менен кайрылган. Бул факты Кочкор РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Натыйжада С.А. алган жаракатынан улам Кочкор райондук аймактык ооруканасына дарыланууга жаткырылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бүгүнкү күндө тиешелүү күбөлөр суралып, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.