Бишкек мэриясы шаардык транспорттордун каттоо аралыгындагы кечигүүлөргө карата кайрылуу жасады
Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорттордун каттоо аралыгындагы кечигүүлөргө байланыштуу шаар тургундарына кайрылуу жасады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаарынын мэриясында автобус же троллейбус өтө кечигип, адамдар аны аялдамаларда көпкө чейин күтүп турган учурлар жөнүндөгү көйгөйлөр тууралуу талкуулашты. Анда коомдук транспорттун айдоочулары өздөрү туура эмес токтотулган унаалардын айынан графиктен кечигип
калышат деп ырасташып, шаар тургундарына кайрылуу жасады.
Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! Бизге шаар тургундарынан борбор калаадагы автобустардын аралыгы боюнча арыздар келип түшүүдө.
Кечирим сурайбыз! Чындыгында автобустардын каттоо аралыгында бир аз кечигүүлөр болуп жатат. Бул транспорттун бузулушунан, запастык бөлүктөр талап кылынат. Элдик күзөтчүлөрдү ташыган дагы 13 муниципалдык автобус октябрь айынын башындагы баш аламандык учурунда жабыркап, каптал терезелери талкаланган. Эгерде адатта шаардыктарга болжол менен 110-115 автобус ташылса, акыркы күндөрү 90го жакын автобус линиядан чыгууда.
Муниципалдык коомдук транспортто көйгөй жаралган учурда, өзүн туура эмес алып жүргөн же жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуга нааразычылыгыңызды билдирсеңиз болот.
Мэриянын шаардык транспорт бөлүмү - (0703) 07-57-27; Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы (автобустардын иштешин көзөмөлдөйт) - (0555) 89-85-55; Бишкек троллейбус башкармалыгы - (0559) 73-38-66.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.