super.kg logo

Таласта чаламандын чак түшүндө уурулук кылганга шектелген жаран кармалды

 

Талас шаарында чаламандын чак түшүндө уюлдук телефон уурдоого шектелген жаран кармалды. Маалыматты Талас ОИИБинин басма сөз катчысы билдирди.

Белгилүү болгондой, 1982-жылы туулган Ж.Э. аттуу шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 20-октябрда шаардагы кафелердин биринде түшкү тамактануу маалында, жабырлануучунун жанына белгисиз жаран келип кайыр сураганы айтылган. Ал күрмөсүнүн чөнтөгүнөн акча алайын деп жатканда, кайыр сураган жаран баасы 22 миң сомдук уюлдук телефонду, документтерди алып качкан.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө, шектүү делинип Кара-Буура районунун Маймак айылынын 1981-жылы туулган М.Ш. аттуу тургуну кармалды. Кармалган жарандын туруктуу жашаган дареги жок, буга чейин уурулук боюнча бир нече жолу соттолгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайда. Анын мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат", - дешти мекемеден.

Милиция кызматкерлери сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо, облустук ички иштер бөлүмүнө кайрылууну өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: