super.kg logo

Мэриянын алдына чогулган нааразы тараптын алдына Балбак Түлөбаев саат бирде чыгарын айтты

 

Бүгүн, 28-октябрда Бишкек мэриясынын алдында кайрадан митинг өтүп жатат.

Митингдин катышуучулары социалдык маселелер боюнча вице-мэр болуп иштеп келген Виктория Мозгачева менен жашоо турак жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэрди аркалап келген Алымбек Абдылдаевдин жумуштан бошотулушу адилетсиз болду деп эсептешет. Чогулгандардын басымдуу бөлүгү "Бишкек жарык" жана "Бишкек жылуу энерго" ишканасынын кызматкерлери экени маалым болду. Алар кечээ, 27-октябрда жумуштан бошотулган вице-мэрлер аталган тармакта жетекчилик кызматта иштеп кеткендиктен, алардын өз ишин билген кесипкөй экенин айтып чыгышты.

Мэрдин милдетин убактылуу аткаруучу Балбак Түлөбаев чогулгандардын алдына чыгып, жумушу көп болуп жаткандыктан, иштерин бүтүрүп, кайрадан саат 13:00дө нааразычылык акциясын уюштуруп жаткандардын алдына чыгууга даяр экенин билдирген.

Чогулгандар Балбак Түлөбаев алардын алдына чыкмайынча, кетпей тургандарын эскертишкен.

Эске салсак, кечээ, 27-октябрда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев дайындалган. Ошол эле күнү ал Бишкек шаарынын эки вице-мэри Виктория Мозгачева менен Алымбек Абдылдаевди ээлеген кызматтарынан бошоткон. Буга байланыштуу коом арасында кызуу талкуу жаралып, Түлөбаев эки вице-мэр эмне себептен, кандай жүйө менен жумуштан кеткенин түшүндүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: