super.kg logo

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары пара менен кармалды

 

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-октябрь күнү ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам тергөө иш-чаранын жыйынтыгында, Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Н.Р. аттуу кызматкер кармалган.

Такталгандай, кармалган адам патрулдук милиция бөлүмүнө талапкерлерди жумушка орноштуруу маселелерин оң тарапка чечип берүүсү жана учурдагы кызматкерлерди жогорулатуу үчүн системдүү түрдө акча каражаттарын алып турган. Бул факты "пара алуу" боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген. Учурда Ички иштер министрлигинин бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тандоодо коррупциялык көрүнүштөргө катышкан бардык адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын комплекси улантылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
28.10.2020. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Садыр Жапаров таза иштегиле дегенин уккан эмес окшойт, мага жетпейт деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: