Депутат: "Эки талапкерге бирдей тартипте добуш берилиши керек"

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда вице-премьер-министрликке Эльвира Сурабалдиеванын, ал эми эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованын талапкерлиги каралууда.
Депутат Төрөбай Зулпукаров эки талапкерге бирдей тартипте добуш берилиши керектигин айтты. Буга чейин Сурабалдиеванын талапкерлиги суроо-жооп жок колдоого алынган. Ал эми Аида Исмаиловага бир нече суроолор берилип, добушту саноо менен добуш берилип жаткан.
Исаев Исмаиловага каршы добуш бере тургандар болгон үчүн ушундай тартипте добуш берилип жатканын айтты. Учурда депутаттар танаписке кетишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

