Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери: "Бүгүнкү күндөн баштап бейтаптарды акысыз кабыл алып баштайбыз"
Бүгүн, 28-октябрда коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даярдануу максатында жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында 100 орунга ылайыкташкан кошумча корпустун ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров жана Республикалык инфекциялык оорукананын кызматкерлери катышты.
"Бүгүн кыргыз эли үчүн, дал ушул ооруканада иштеп жүргөн кызматкерлер үчүн майрам болуп жатат. Бул оорукананы биздин айтуубуз боюнча жасап беришти. Азыркы учурда бул оорукана 100 орунга ылайыкташтырылган. Аппараттар Кытайдан жана Европадан алып келинди. Баары санариптешкен аппараттар. Коронавирус башталгандан бери аппараттарына муктаждык жаралды. Ошол дем алуу аппараттары бар. Бүгүнкү күндөн тарта бейтаптарды акысыз кабыл алып баштайбыз", - деди Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев.
