super.kg logo

"Бишкек жарык", "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын кызматкерлери вице-мэрлер боюнча Садыр Жапаровго кайрылуу жөнөтүштү

 

Бүгүн, 28-октябрда "Бишкек жарык" муниципалдык жана "Бишкек жылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган Балбак Түлөбаевге кат түрүндөгү жамааттык кайрылуу жолдошту.

Кайрылууда кечээ, 27-октябрда Бишкек шаарынын вице-мэрлик кызматынан бошотулган Виктория Мозгачева менен Алымбек Абдылдаевди кайрадан жумуш ордуларына коюп берүү боюнча суранычтар жазылган.

"Биз "Бишкек жылуулукэнергонун" жана "Бишкек жарыктын" кызматкерлери бизге жетекчи болуп кеткен адамдарга карата колдоо көрсөтүүнү милдетибиз катары эсептейбиз. Анткени Виктория Мозгачева дагы, Алымбек Абдылдаев дагы мурунку жамаатынын, ошондой эле азыркы кесиптештеринин арасында жогорку кадыр-баркка ээ. Бул жетекчилер шаар үчүн оор мезгилдерде иштешип, өз милдеттерин мыкты аткарып келишкен. Алардын кесипкөйлүгү, билим деңгээли буга чейин ээлеген кызматына дал келет. Виктория Мозгачева менен Алымбек Абдылдаевдин иш тажрыйбасы азыркы мезгилдеги туруксуз оор абалдан чыгууга, турак жай, социалдык маселелерди чечүүдө көмөкчү болмок.

Алсак, Алымбек Абдылдаев жылуулук берүү тармагында эмгектенген мезгилинде абоненттерге жылуулук энергиясын берүүдөгү сапатты жакшыртуу боюнча иштерге салымы чоң. Мындан тышкары административдик имараттарды жана өндүрүштүк участкаларды реконструкциялоо менен эмгек шарттарын жакшырткан.

Ал эми Виктория Мозгачева Бишкек шаарынын вице-мэринин кызматына пандемия учурунда келип, күндүзгү стационарларды уюштурууга чоң салымын кошкон.

Андыктан биз сиздерден социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачева менен жашоо турак жай коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Алымбек Абдылдаевди кайрадан ээлеген кызмат ордуларына коюуну суранабыз", - деп жазылат кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.10.2020. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садыр Жапаровко профессионалдуу кадрдын кереги жок. Садырга жердештери, кошомат кылган, Садырдын этегине барып сыйынган кадрлар гана керек болуп турат. Садыр менен мамлекет оңолбойбуз. Мунун оюн эптеп бийликти болушунча топтоп, анан уй булосу менен оз каалаганын кылыш керек экен да. Садыр кетсин.
Bermet01 түзөттү 2020-10-28 23:26:49
29.10.2020. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түшүңү сууга айт. Ниеттериңи жел учурсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: