Кыргыз мушкери Бахрейнде өтө турган эл аралык турнирге катышат
Кыргыз мушкери Кубанычбек Абдисалам уулу 12-ноябрда Бахрейнде өтө турган "BRAVE-CF 45" эл аралык турнирине катышат.
Кубанычбек Абдисалам уулу бул турнирде молдовалык 27 жаштагы Валериу Мирче менен беттешет.
Кыргыз мушкеринин каршылашы карьерасында жалпы 32 беттеш өткөрсө, анын ичинен 25 жолу жеңүүчү аталып (10у нокаут менен), 6 жолу жеңилүү ызасын тарткан жана 1 ирет тең чыккан.
Ал эми Кубанычбек Абдисалам уулу карьерасында жалпы 16 беттеш өткөрсө, анын ичинен 14 жолу жеңүүчү аталган жана 2 жолу жеңилүү ызасын тартып калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.