Бишкекте күндүз жаан-чачын жаабайт. 29-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 29-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаандан кийин кар жаайт.
Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9;
Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз +3…+8;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан, кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +7…+9 градус болот.
