super.kg logo

Сот "Актив" партиясынын БШКга карата берген доо арызын канааттандырган жок

 
Бишкектин административдик соту, “Актив” саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы берген доо арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Ага ылайык, сот "Актив" саясий партиясынын БШКнын президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгилеген чечимин жокко чыгаруу боюнча доо арызын канааттандыруудан баш тартканы маалымдалат.

Конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, “Жогорку Кеңеш тарабынан Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо Конституцияда көрсөтүлгөн учурларда, Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган убакыттан бир жумадан кечикпеген мезгилде дайындалып, иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктары токтогон күндөн тарта 3 ай аралыгында өткөрүлүшү керек.

Бирок Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 23-октябрына чейин КР президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган жок.

Ушуга байланыштуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2021-жылдын 10-январында “Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө” №263 чечим 2020-жылдын 24-октябрында кабыл алынган.

Ошентип Борбордук шайлоо комиссиясы конституциянын жана конституциялык мыйзамдын ченемдерине ылайык аракет кылган.

Жогоруда келтирилгендерди эске алып, сот административдик доо арыздагы талаптарды канааттандыруу үчүн укуктук негиздер жок деген бүтүмгө келген", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: