Кышка жетпей кирип алышты. Алай районундагы памирлик кыргыздарга курулган үйлөр пайдаланууга берилди (сүрөт, видео)






Алай районундагы памирлик кыргыздарга курулган үйлөр пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, үйлөрдү пайдаланууга берүүгө өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов өзү катышкан.
Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү Сары-Могол айылына Кичи жана Чоң Памирден көчүп келишкен этникалык кыргыздар боюнча маалымат:
Афганистандын Памириндеги этникалык кыргыздарды Сары-Могол айыл өкмөтүнө убактылуу жайгаштыруу үчүн мектептин пайдаланылбай турган эски окуу корпусунун 12 классы кезектеги оңдоодон өткөрүлүп, электр жабдуулары жаңыланып, 11 үй-бүлөгө күнүмдүк тиричиликке зарыл болгон идиш-аяк, көрпө-төшөк, жаздык, палас-килемдер, көмүр жагуу үчүн печкалар сатып алынып жергиликтүү бюджеттин эсебинен 322,0 миң сом сарпталган.
2019-жылдын 16-декабрь күнү Памирден алгачкы эки үй-бүлө келип, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясы тарабынан 140,0 миң сомдук тамак-аш берилген.
23-декабрда калган 9 үй-бүлө көчүрүлүп келинип, Чоң-Алай районунан 32,2 миң сомдук тамак-аш жеткирилген.
29-декабрда Ош облустук казыяты тарабынан 150 миң сомдук кийим-кече, төшөк, палас-килемдер, ошондой эле Алай районунун имам-хатиби тарабынан 20 миң сомдук тамак-аш жана 20 миң сомдук көрпө-төшөк, килем паластар жардам катары тапшырылган.
30-декабрда Алай райондук Экотехинпекциясынын жамааты 10 миң сомдук тамак-аш алып келип тапшырышкан.
2020-жылдын 3-январында Алай районунун 5 айыл өкмөтү 35 миң сомдук бир баш уйдун этин беришкен.
7-январда Гүлчөнүн ишкер жаштары 25 миң сомдук электр буюмдарын жана 10 миң сомдук тамак-аш беришкен.
12-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Акаев 12 миң сомдук 2 баш союш тапшырып кеткен.
20-январда Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым өкүлү 7 үй-бүлөгө телевизор тапшырып, ошол эле күнү Ноокат району тарабынан 40 миң сомдук 1 уйдун этин алып келип беришкен.
23-январда Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаттары 100 миң сом акчалай жардам беришкен. Ошондой эле Алай районунун 3 айыл өкмөтү 2 телевизор тапшырышкан.



1 |