Оштун "Алай" клубунун дагы бир белгилүү оюнчусу клуб менен коштошту
Оштун "Алай" футболдук клубунун жарым коргоочусу, 25 жаштагы футболчу Тимур Талипов клуб менен коштошту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына клубдун басма сөз кызматкери Нуристан Марат уулу билдирди.
"Тимур Талипов менен түзүлгөн келишим 31-октябрда аягына чыгат. Азырынча ал башка клуб издеп жатат. Ал эми биздин клуб аны менен келишимди узартууга кызыкдар. Эгерде ал башка клуб таппай турган болсо, биз жакшыртылган шартта ага келишим сунуштоого даярбыз", - деди басма сөз кызматкери.
Тимур Талипов "Алай" клубуна 2019-жылдын февраль айында келип кошулган. Ал быйылкы сезондо Кыргыз Премьер-Лигасында кооз голдору жана көзгө толумдуу оюну менен эсте калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Rakyl12

28.10.2020. 19:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо булар канча маяна алышат, билгендер барбы?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.