Ош шаарында дагы 3 бала бакча курулууда





Ош шаарында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 бала бакча курулууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бала бакчалардын курулушу менен таанышып, курулуштарды сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди. Мэр Жапалак аймактык башкармалыгынын Арек айылындагы 120 орундуу балдар бакчасынын курулуш иштери кечеңдеп жатканын билдирип, курулуштун бүтүшүн тездетүүнү айтты.
"Быйыл эки бала бакчаны пайдаланууга бердик. Мындан тышкары 3 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Негизги максат - балдарга көңүл буруу. Заманбап бала бакчаларды курууну улантабыз. Курулуш иштери өз нугунда жүрүп жатат. Жапалактын Арек айылындагы бала бакчанын курулушу гана кечигип жатат. Бул боюнча курулуш компаниянын өкүлдөрүнө эскерттик", - деди мэр.
Арек айылына 120 орундуу, Ак-Тилек кичи районуна 100 орундуу, Туран аймактык башкармалыгына (Южный) 120 орундуу балдар бакчасы курулуп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.