"Шаарга күйгөн жаран, бирок иштеше албайбыз". Балбак Түлөбаев Гуля Алмамбетованын жумуштан кеткени боюнча үн катты

Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу Балбак Түлөбаев мэрдин кеңешчиси болуп иштеп келген Гуля Алмамбетованын жумуштан кеткенин ырастады. Түлөбаев Гуля Алмамбетова менен иштеше албай турганын ачык айтты.
"Гуля Алмамбетова жумуштан кетти. Мен ага чогуу иштешкенибиз үчүн рахматымды айттым. Ачыгын айтканда, ал киши менен иштеше албайм. Мүнөздөрүбүз туура келбейт. Мурун жалпы команда үчүн деп иштешип жүргөнбүз. Гуля Идиновна чыгып алып айткандарын өз абийирине койдум. Бирок ага дагы рахмат. Анткени ал дагы шаарга күйгөн бир жаран. Бактылуу болсун, аман болсун!", - деди Балбак Түлөбаев.
Ал эми Гуля Алмамбетова жумуштан кетүү себебин кечээ, 27-октябрда эки вице-мэрдин жумуштан бошотулушу жана мэрдин милдетин аткаруучуга кеңешчи керек эмес экендиги менен түшүндүргөн.









1 |