Белгилүү актёр Тилек Жумагазиев боорун алмаштыруу үчүн кайрымдуу инсандардын колдоосуна муктаж (видео)

Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын белгилүү актёру Тилек Жумагазиев ден соолугуна байланыштуу кайрымдуу элдин колдоосуна муктаж. Бул тууралуу актёрдун кесиптештери видео кайрылуу жасашты.
Маалыматка ылайык, Тилек Жумагазиевдин боорун алмаштыруу үчүн операцияга каражат керек.
"Биздин сиздерге кайрылып жатканыбыздын себеби таланттуу актёр Тилек Жумагазиевдин ден соолугуна байланыштуу болуп жатат. Кагылайын калың журт, сиздерден жардам болот деген чоң үмүтүбүз бар. Талантты баалай билген элибиз жардам берет деп ишенебиз", - деп айтылат кайрылууда.
Тилек Жумагазиевге жардам колун сунууга даяр кайрымдуу жарандар видеодо көрсөтүлгөн реквизиттер аркылуу көмөк көрсөтсө болот.
Белгилүү актер Тилек Жумагазиев ден соолугуна байланыштуу колдоого муктаж
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
Sara1993

29.10.2020. 14:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
реквизвиттери кана?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.