super.kg logo

Бишкекте бирдик салып келүүгө кетип дайынсыз жоголгон кызды милициянын кайгуул кызматы таап беришти

 

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн кызды таап беришти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-октябрда болжол менен саат 18:26 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына өспүрүм кыз жоголду деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматы барып маалыматты тактаганда А.В. аттуу аял арыз менен кайрылган.

Арызда ошол эле күнү болжол менен саат 17:00 чамасында 2009-жылы туулган Н.А. аттуу кызы чөнтөк телефонго бирдик салып келүү максатында үйдөн чыккан бойдон кайра кайтып келбегендигин билдирген. Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат ыкчам издөө иш-чарасын уюштуруп, аз убакыттын ичинде адашып жүргөн кызды таап, ата-энесине аман-эсен өткөрүп беришкен. Өз кезегинде өспүрүм кыздын апасы милициянын кайгуул кызматынын ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: