super.kg logo
  Саясат  

ЖКнын Иш башкармалыгы: Бизди Cadillac автоунаасын алат деген маалымат жалган

 
Жакында маалымат булактарына Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын автотранспорт ишканасы Cadillac XTS үлгүсүндөгү автоунаа алганы жатканы тууралуу маалыматтар чыккан. Бул маалыматты Иш башкармалыктын Автотранспорт ишканасынын директору Анарбек Камбаров четке какты.“Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы президенттин жана өкмөттүн Иш башкармалыгы менен Toyota Camry жана Mercedes үлгүсүндөгү эки автоунааны кайтарып алуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Аталган автоунаалар мурда президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына келишимдин негизинде убактылуу колдонууга берилген. Кытайдан алынып келинген Cadillac XTS автоунааларын алуу тууралуу сөз болгон эмес”,- дейт ал. Ал белгилегендей, парламенттин автопаркы 2007-жылдан бери жаңыртыла элек экен. "Азыркы кезде гаражда Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн 68 автоунаа бар. Автопаркты бюджеттин эсебинен жаңылоо планы жок”,- дейт Камбаров. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: