super.kg logo

Кызмат талаш ЖОЖдорго жетти. Кыргыз улуттук университетинин жамааты Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту (видео)

 

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жамааты окуу жайдын учурдагы ректору Канат Сыдыковдун ордуна профессор Каныбек Осмоналиевдин келишине каршы. Бул тууралуу улуттук университетинин расмий сайтына маалымат жарыяланды.

Маалыматка ылайык, окуу жайдын кызматкерлери президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаровго төмөндөгүдөй кайрылуу жөнөтүшкөн.

"Урматтуу Садыр Нуркожоевич! Бизге Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Садыков Канат Жалиловичти ээлеген кызмат ордунан бошотуп, анын ордуна профессор Осмоналиев Каныбек Осмоналиевичти дайындоо аракеттери жүрүп жатат деген кабар келип жетти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жамааты мындай алмаштырууга каршы экендигин билдирет.

Ректор кызматына шайлоо жолу менен дайындоо болорун жана Канат Садыков 2017-жылдын май айында көпчүлүк добуш менен университеттин жамааты тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланганын белгилеп кетебиз.

Азыркы учурда ректор Канат Садыковду жумуштан бошонуу арызын жазууга мажбурлап жатышат.

Өз кайрылууларыңызда сиз бардык деңгээлдеги жетекчилерди алмаштыруу жамааттын ой-пикиринин негизинде жүргүзүлөт деп белгилегенсиз.

Каныбек Осмоналиевге карата белгилеп кетчү нерсе, 2017-жылдын январь айында ал физика жана электроника факультетинин деканы кызматына жарыяланган шайлоого катышып, жамааттын колдоосуна ээ болгон эмес. Бул факты жамааттын Каныбек Осмоналиевге болгон ишенбөөчүлүктү көрсөтүп турат.

Биздин кайрылуубуздун негизинде, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорун алмаштыруу аракеттерин токтотууңузду суранабыз.

Мындай аракеттер университеттин жалпы жамаатынын жана студенттеринин каршылыгын туудурат", - деп жазылат кайрылууда.






Ж.Баласагын атындагы КУУнун жамаатынын Садыр Жапаровго кайрылуусу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
29.10.2020. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныбек Осмоналиев откон митингте Садырды колдоп чыкпады беле. Ошого байданыштуу Садыр мурдагы митингте катышкандын баарын кызматка дайындап жатат. Садыр Жапаров бут жерде бардак уюштуруп жатат. Садыр копко узабайт. Мамлекетти тунгуюка такап салды. Эми уялбай мурда иш козголгон, ичип жегендерди кызматка дайындап жатканы элге тушунуксуз болуп жатат
Tymar түзөттү 2020-10-29 12:19:43
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: