super.kg logo

Интернетте эмне кеп? Иттин башын "белекке" алган блогер, кыштын суугун эстеткен алгачкы кар, "жатып" алып иштеген Финпол

 

Кечээ кыргыз интернет коомчулугу өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө назар салып турду. Ар бир министр калыптанып калгандай эле ант берип, мекен үчүн кызмат кылууга сөз берди.

Алардын ичинен бир да жолу баракты карабай, ак калпакчан ант берген Нуржигит Кадырбеков, кыргыз тилинде түш жооруган Артём Новиков жана алгач колун көп жолу өзгөргөн Конституциянын үстүнө койгонду унутуп калган Тилек Токтогазиев элдин эсинде калды. Интернет колдонуучулар айыл чарба министринин буга чейин көп сөз болуп, ар кандай мемдер жаралган чачы бир аз өсүп калганын жазып чыгышты.

Социалдык тармактарда блогер катары таанымал болгон Эркежан Исаковага белгисиз адамдар иттин башын салып жиберишкен. Исакова баракчасына жазган билдирүүсүнө караганда, ал азырынча бул ишти ким кылганын билбейт. Ал буга чейин ар кандай мыйзамсыз иштер тууралуу билдирүүлөрдү жазып келген.

Дал ушул социалдык тармак аркылуу ашканада отуруп алып көптөгөн мыйзамсыз иштер тууралуу маалыматтарды айтып жүрүп, өзүнө аудитория топтоп, кечээ жакында эле Финполго жетекчи болуп барган Сыймык Жапыкеев кайрадан көңүл чордонунда. Ал жетектеген мекеменин социалдык тармактагы баракчасына кат жазсаңыз, төмөндөгүдөй жооп келет деп колдонуучулар жазып, сүрөтү менен бөлүшүп жатышат. Азырынча бул баракча аталган мекеменин баракчасыбы же жокпу анык эмес.


Көпчүлүк таң эрте туруп биринчи карга күбө болду. Интернет колдонуучулары быйыл кыш суук болорун, буга кошумча коронавирус илдети күчөп жатканын айтып бир кейип алышты.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.10.2020. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-28
Жараткан Тенирим колдоп Кыргызстан онолуп кетсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: