super.kg logo

90 пайызы сынактан өтө алышпайт. Пакистан Кыргыз өлкөсүнүн медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди

 

Пакистан Кыргыз өлкөсүндөгү медициналык окуу жайлардын бардыгын кара тизмеге киргизди жана аталган өлкө өз жарандарына Кыргыз өлкөсүнө барып окуусун сунуш кылбайт.

Маалыматка ылайык, кара тизмеге киргизилгендин себеби, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөрү болгон пакистандыктардын 90 пайызы Пакистан медициналык кеңешинин милдеттүү сынагынан өтө алышпайт жана алардын диплому Пакистан Ислам Республикасында таанылбайт.

Бул көйгөйлөрдөн улам бүгүн, 29-октябрда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев медицина тармагындагы адистерди даярдоочу ЖОЖдордун ректорлору менен жолугушуу өткөргөн.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрлик жаралган кырдаалды Кыргыз өлкөсүнүн жана чет өлкөлүк жарандардын даярдыгынын төмөн сапаты менен байланыштырат. Ошондой эле медицина тармагында чет өлкөлүк студенттерди сапаттуу даярдоо ЖОЖдордун кызыкчылы болгонуна карабай, алардын көпчүлүгүнүн эл аралык аккредитациядан өтпөгөнү белгиленди.

Жаралган кырдаал Кыргыз өлкөсүндөгү инвестициялык климатка, аны менен катар билим экспортуна терс таасирин тийгизгендиктен, мындан ары министрлик тарабынан ЖОЖдордун ишмердүүлүгүнө, өзгөчө медициналык ЖОЖдорго болгон лицензиялык көзөмөл күчөтүлөт.

Муну менен катар жалпы көрсөткүчтү көтөрүү максатында министрликтин жетекчилиги пакистандык студенттерге болгон кабыл алуу талаптарын катаалдаштырууга чакырды.

Ошондой эле билим берүү жана илим министри бир катар тапшырмаларды берди:

  • Пакистан, Индия жана башка өлкөлөрдөн келген студенттердин көйгөйлөрүн чечүү;
  • Билим берүү деңгээлин көтөрүү үчүн бардык чараларды көрүү;
  • Эл аралык аккредитациялардан өтүү тапшырмалары коюлду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(14)
29.10.2020. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Индия дагы кара тизмеге киргизсе
29.10.2020. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жалалабадта индиялыктар коп айабай
29.10.2020. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Акчаларын алып эле баасын койуп атса анан.
29.10.2020. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Пакистандык студенттерге кабыл алуу талаптарын катаалдаштыруу дейт го. Алар уже келишпейт экен. Даже женилдетсенер дагы. Түштөн кийин кылычынды ташка чап болбогулачы.
29.10.2020. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бул дегени КР МЕД ЖОЖ билим беруу жагынан 0 дегенди тушундурот.
30.10.2020. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
NeRiNa,эн туура
29.10.2020. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акча менен бутуп жатса бут сессия,бизде ото берет,аларга отпойт экен.
29.10.2020. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн туура!
29.10.2020. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чындыгында медттеги мугалимдер окутушпайт акча болсо болду студенттердин билим денгели пас корупционерлер
29.10.2020. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошо универге акча тушпой калды да эми. Только кыргызстандыктардан эле тушуп калабы ошондо. Мугалимдери кантет экен, зарплатасы двойной алышат эле
29.10.2020. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ректору роза аманова болсо кайдагы окуу болмок эле
29.10.2020. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жалал абадта медколлежде студенттерден акча алып атат модулдарга даже 1 курстардан. Байкуштар универ эмне экенин коро элек онлайн окуп и акча берип
29.10.2020. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда тынчтык жок болсо, окуу жайлар контрактын эсебинен жашаса, сессия акча менен бүтсө, албетте студенттер окушпайтда, сессияда баари бир акча берип коёбуз дешип! Анын үстүнө көпчүлүк индустар менен пакилердин жалаң байдын балдары окушат бул жакта мээсинде эч нерсе жок!
30.10.2020. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкасын унчукпасак да уже мед окуу жайында коррупцияны жоюуу керек. Окууп аракет кылганы эле отсо. А бизде акчасы бары деле окууй беришет. Менин бир танышым мед колледжге оз кучу менен отту кызыл менен бутту. Медакадемияга отуш учун 1000 доллар дешиптир. Россияга кеткен иштеш учун окууга отконго акча табамда. Ал жактан орустар жактырып калышты жакшы толоп кетирбей жатышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: